​Өзбекстанга электр энергиясы сатыла баштады

​Өзбекстанга электр энергиясы сатыла баштады
8-Июнь 2018, Жума, 12:53

Өзбекстанга электр энергиясын сатыла башталды. Бул тууралуу “Электр станциялар” ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, “Электр станциялар” ишканасы менен “Өзбекэнерго” ишканасынын ортосундагы келишимдин негизинде электр энергиясынын экспорту 8-июндан тарта башталды. Август айына чейин 500 млн. кВт. саат энергия сатылмакчы. 1 киловатт саат электр энергиянын баасы 2 цент деп аныкталган.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү коңшу өлкөгө электр жарыгын сатууга мүмкүнчүлүк берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!