​Өндүрүштүн көлөмү 90,8 млрд. сомду түздү

​Өндүрүштүн көлөмү 90,8 млрд. сомду түздү
12-Июнь 2018, Шейшемби, 12:16

Үстүбүздөгү жылдын өткөн 5 айында өндүрүш продукциясынын жалпы көлөмү 90 млрд. 805,4 млн. сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, өндүрүш продукциясынын жалпы көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 3,3 пайызга аз.

5 ай аралыгыдагы көлөмдүн ичинен 4 млрд. 791,5 млн. сому пайдалуу кен казуулардын үлүшүнө туура келет.

Ал эми кайра иштетүү тармагынын өндүрүш көлөмү 67,6 млрд. сом болгон.

Ошондой эле электр энергиясы, газ, буу жана кондицоинерленген аба менен камсыздоонун жалпы көлөмү 17,6 млрд. сомду түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!