​Кыргызстан-Кытай: соода 1,5 млрд. доллардан ашты

​Кыргызстан-Кытай: соода 1,5 млрд. доллардан ашты
12-Июнь 2018, Шейшемби, 16:51

2013-2017-жылдары Кыргызстан менен Кытай мамлекетинин ортосундагы соода байланышы 8,6 пайызга өстү. Анын 2,5 пайызы экспортко, 4,7 пайызы импортко байланыштуу. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден бери эки өлөнүн ортосунда экономика жаатында кызматташуу өнүгүүдө. Кытай Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү жана инвестору болуп калды. Бул тармакта эки тараптуу 200дөн ашык келишим түзүлгөн.

Өткөн жылы Кытай менен Кыргызстандын соода байланышы 1 млрд.597,5 млн. долларга жетип, 3,2 пайызга өскөн. Анын ичинен экспорт 97,5 млн. долларды түзүп, 21,7 пайызга, импорт 1 млрд. 500 млн.долларга жетип 2,2 пайызга жогорулаган.

Ал эми 2018-жылдын алгачкы 2 айында соода байланыш 344 млн. долларга жеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!