​Жашырылган салыкты текшерүүдө 20 млрд. сом түштү

​Жашырылган салыкты текшерүүдө 20 млрд. сом түштү
20-Июнь 2018, Шаршемби, 12:41

Мамлекеттик салык кызматы (МСК) жыл башынан бери 4 миң 817 ишкерге текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн жыйынтыгында төмөндөтүлүп көрсөтүлгөн салыктан бюджетке кошумча 19 млрд. 969,9 млн. сом түшкөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөтүлгөн сумма 14 млрд. 573,2 млн. сомго жогорулаган.

Мындан тышкары 5 айдын аралыгында тиешелүү чараларды чыгаруу үчүн укук коргоо кызматына жалпы суммасы 3 млрд. 569.3 млн. сомду камтыган 67 материал өткөрүлүп берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!