​Рубль ЕАЭБдин бирдиктүү валютасы болобу?

​Рубль ЕАЭБдин бирдиктүү валютасы болобу?
2-Июль 2018, Дүйшөмбү, 18:01

Евразия өнүктүрүү банкынын башкаруучу төрагасы Андрей Бельянинов Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) бирдиктүү валюта катары Россиянын рублин сунуштады. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын сайтына жарыяланган маалыматта айтылат.

Рубль - эң жакшы платформа. Рублды ЕАЭБдин жана Бажы биримдигинин аймагындагы валюта кылышыбыз керек. Биздин аймак алтын запасына бай келет. Ошол себептен рубль алтынга байланыш керек", -дейт А.Бельянинов.

Эскерте кетсек, Евразиялык экономикалык биримдигине кирген ар бир өлкөнүн өзүнүн улуттук валютасы бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!