Өлкөгө 500 миң тонна май импорттолгон

Өлкөгө 500 миң тонна май импорттолгон
4-Июль 2018, Шаршемби, 13:50

Кыргызстанга жыл башынан бери 504 миң 500 тонна мунай зат импорттолду. Бул тууралуу нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6 айдын ичинде өлкөгө 234 миң тонна бензин, 270 миң 500 тонна дизелдик отун ташылып келинген. Июлдун башындагы көрсөткүч боюнча учурда 84 миң тонна мунай зат калды.

Эскерте кетсек, январь-июнь айларында бензин орто эсеп менен 2,6 сомго кымбаттаган. Ал эми дизелдик отундун баасы 4,4 сомго жогорулаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!