Япония Кыргызстанга 600 миң доллар бөлдү

Япония Кыргызстанга 600 миң доллар бөлдү
10-Июль 2018, Шейшемби, 13:01

Япония өкмөтү Кыргызстанга айылдык аялдарды өнүктүрүү максатында 600 миң доллар бөлүп берди. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) маалыматында айтылды.

Маалыматка караганда, БУУнун бүткүл дүйнөлүк соода программасынын алкагында аталган каражат айылдардагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу максатын көздөйт.

Бул долбоордун негизинде буга чейин 10 миң үй-бүлө жардам алган. Алдыда 15 миң 500 аялга жеткирүү каралууда. Каражаттар пайда алып келүүчү тармактарды иштетүү үчүн берилет. Ал бак өстүрүү, чакан жана кичи ишкерликти өнүктүрүүгө, айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга керектелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!