Ташылып келген унааларга бажы алымдарынын өлчөмү төмөндөтүлдү

Ташылып келген унааларга бажы алымдарынын өлчөмү төмөндөтүлдү
10-Июль 2018, Шейшемби, 17:51

Кыргыз Республикасында жеке жактар аркылуу ташылып келинген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү төмөндөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Аталган чечим ашыкча эскирген автотранспорт каражаттарын азайтуу жана жеке жактардын Кыргызстандын аймагына электр, гибриддик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттарын ташып киргизүүсүнө дем берүү, ошондой эле өлкөнүн автоунаа паркынын эскиришинин алдын алуу боюнча ыкчам чара көрүүгө багытталган.

Атап айтканда, Өкмөттүн токтому аркылуу бензин жана дизелдик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттарына карата бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасынын өлчөмү 2014-жылкы коюмдардын деңгээлине дейре төмөндөтүлөт.

Мындан тышкары, гибриддик кыймылдаткычтуу унаа транспорттук каражаттарга 1 куб.см үчүн 0,5 доллардан 0,6 АКШ долларына дейре өлчөмдө бажы алымдарынын жана салыгынын өбөлгөлөөчү коюмдары киргизилет.

Электромобилдерге карата бажы алымдарынын жана салыгынын нөлдүк коюму киргизилмекчи.

Белгилесек, аталган токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөн соң күчүнө кирет жана 2019-жылдын 31-декабрына дейре иштейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!