​Тышкы соода 20,9 пайызга өскөн

​Тышкы соода 20,9 пайызга өскөн
11-Июль 2018, Шаршемби, 14:35

Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2,7 млрд. долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 20,9 пайызга өскөн. Анын ичинде экспорттун өсүүсү 5,5 пайыз, импорт 27,1 пайызга жогорулаган.

Экспортун жогорулоосуно сыртка чыгарылган текстил, трикотаж кийимдери, пахта кездемелери, жез калдыктары жана жер жемиштин көлөмүнүн көбүйүшүнө байланыштуу болгон.

Ал эми импорттун өсүшүнө мунай азыктарынын, металлконструкциясы, унаа дөңгөлөк, кийим кече бут кийим жана синтетикалык кездемелердин келишинин жогорулоосуна байланыштуу болгондугу менен түшүндүрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!