​Кепилдик фонду 519 млн сом кепилдик берген

7-Авг. 2018, Шейшемби, 12:06

Кепилдик фонду эки жылга жакын убакыт аралыгында 519 млн сом кепилдик берген. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кепилдик фонду 2016-жылдын ноябрь айынан тарта 2018-жылдын июль айына чейин 519 млн сом кепилдик берген. Жыл башынан бери 271 млн сомдук 281 кепилдик берилип, 375 жумушчу оруну түзүлгөн. Ал эми аталган фонддун кепилдиги астындагы банктар ишкерлерге 1 млрд 88 млн сомго насыя беришкен.

Кепилдиктер көбүнчө айыл чарба багытындагы долбоорлорго багытталган. Алсак, айыл чарбасына 231 кепилдик берилип, анын натыйжасында 352 млн сом насыя алынган. Андан кийинки орунда кайра иштетүү тармагы турат, тагыраагы булбагытка 101 млн сомго кепилдик берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!