Биринчи жарым жылдыкта кыргызстандын экономикасына келген түз инвестициянын агымы 247 млн. долларды түздү, башкача айтканда 33,2 пайызга кыскарган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, 2018-жылдын алгачкы 6 айында чет өлкөлүк инвестицияннын кыскарышы 24,9 пайызды түзүп 236,4 млн. долларды камтыган.
Ушул мезгилде инвестицияны 79 пайызына а барабар үлүшүн ээлеген негизги инвестор катары Кытай Россия, Түркия, Казакстан жана Нидерландия өлкөлөрү болгон.