Эсептик чен өлчөмүн 4,75 пайыз чегинде сактоо чечими кабыл алынды

Эсептик чен өлчөмүн 4,75 пайыз чегинде сактоо чечими кабыл алынды
25-Сен. 2018, Шейшемби, 13:03

24-сентябрда Улуттук банктын башкармасы эсептик чен өлчөмүн 4,75 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, мындай чечим инфляциядгы божомолдор менен экономикадагы өзгөрүүлөргө жана башка эсептерге негизделген.

“Инфляциянын төмөн деңгээлде сакталуусу улантылууда. 14-сентябрга карата жылдык инфляция 1.1 пайызды түздү. Төмөн инфляция негизинен азык-түлүккө болгон ички баалардын төмөндөшү ошондой эле башка товарларга болгон баалардын өсүү арымынын басаңдашы күтүлүүдө. Биздин болжолдор менен жылдын аягына чейин инфляция 4 пайызга чейин болушу күтүлүүдө. Реалдуу ички дүң өндүрүмүнүн жыйынтыгы 0,3 пайызга азайган. Мында Кумтөрдү эске албаганда, экономикасын өсүшү 2,1 пайызды түздү. Өлкөгө келип түшкөн акча которуулардын туруктуу өсүшү ,реалдуу эмгек акынын жогорулашы жана суроо-талаптын калыбына келиши өлкөдөгү экономикалык жигердүүлүктү колдоодо. Өлкөгө келип түшкөн акча которуулардын таза агымы 12,2 пайызга жогорулап, 1,2 млрд АКШ долларын түзгөн. Ушул эле мезгил ичинде реалдуу эмгек акынын өсүшү 4,5 пайызды түзгөн”, -деди төрага.

Ал кошумчалагандай, экономиканы кредиттөө көлөмүнүн деңгээлинин кеңейиши жана коммерциялык банктардык депозиттик базасынын өсүшү байкалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2018-жылдын 21-сентябрына карата жалпы кредиттик портфелдин көлөмү 13,2 пайызга көбөйүп, 122 млрд сомду түзсө, сомдук кредиттер 13,9 пайызга, ал эми чет өлкө валютасындагы кредиттер 2,2 пайызга көбөйгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!