​ИДӨнүн көлөмү 310,2 млрд. сомдон ашкан

​ИДӨнүн көлөмү 310,2 млрд. сомдон ашкан
26-Сен. 2018, Шаршемби, 16:45

2018-жылдын январь айынан август айына чейин Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн (ИДӨ) көлөмү 310,2 млрд. сомдон ашкан. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, аталган көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,3 пайызга төмөндөгөн жана экономикалык өсүштүн басаңдаганын көрсөттү. “Кумтөр” алтын кенин эске албаганда ИДӨнын 8 ай ичиндеги көлөмү 283 млрд. сомду түзүп, 2,1 пайызга өскөн.

Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү өндүрүш секторунун эсебинен өсөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!