​Товар алмашуусу 3,7 млрд. долларга жеткен

​Товар алмашуусу 3,7 млрд. долларга жеткен
1-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 14:19

2018-жылдын 7 айында Кыргызстандын товар алмашуусу 3,7 млрд. долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, соода жүгүртүү 14 пайызга өскөн. Анын ичинен импорт 20 пайызга жогорулап 2,8 млрд. долларга көбөйгөн. Ал эми 1,6 пайызга төмөндөп 917,8 млн. долларды камсыздаган.

Ал эми сырткы соодадагы ЕАЭБдин үлүшү 1,2 млрд. долларга жетип өткөн жылга салыштырмалуу 0,3 пайызга өскөн. Мунун ичинен импорт 956,1 млн доллар болсо, 339,3 млн долларга жеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!