​Пенсияга 31,3 млрд. сом жумшалды

​Пенсияга 31,3 млрд. сом жумшалды
4-Окт. 2018, Бейшемби, 14:24

Пенсия жана жөлөк пулга 31,3 млрд. сом жумшалган. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 9 айында пенсия жана жөлөк пулга 31 млрд. 318,6 млн. сом жумшалган. Ал эми сентябрь айында пенсия менен жөлөк пулга 3,4 млрд. сом керектелген.

Эскерте кетсек, Өкмөттүн токтомуна ылайык, 2018-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын көлөмү жогорулатылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!