​Кепилдик фондуна 100 млн. сом бөлүндү

​Кепилдик фондуна 100 млн. сом бөлүндү
5-Окт. 2018, Жума, 11:06

Кыргыз Орус өнүктүрүү фонду (КОӨФ) Кепилдик фондуна 100 млн. сом бөлөт. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы билдирди.

Алынган насыялык каражат бүт бойдон өлкөнүн аймактарындагы келечеги бар бирок насыя алууга жетишерлик аманаты жок кичи жана орто ишкерликтин субъектилерине кепилдик берүүнү камсыздоого жумшалат.

Кепилдик айыл чарба жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү иш каналарга берилет.

Эскерте кетсек, буга чейин КОӨФ кепилдик фондуна 100 млн сом берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!