​ЕӨБ айыл чарбасын каржылоого каражат бөлдү

​ЕӨБ айыл чарбасын каржылоого каражат бөлдү
15-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 14:31

Европа өнүктүрүү банкы Кыргызстанга айыл чарбасын каржылоого 39 млн. евро бөлөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, айыл чарбасына бериле турган каражаттын 22 млн. евросу насыя, ал эми калган 17 млн. евросу грант болуп эсептелет. Насыя 12 жылга 0,5 пайыз менен берилүүдө. Бул сумманын эсебинен 9 млн. евро 2 жылдан бери пайдаланылып, анын ичинен 3,5 млн евро дыйкандарга берилген. Калган сумма банкта турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!