Кыргызстанда алкоголь ичимдиктерин колдонуу азайды

Кыргызстанда алкоголь ичимдиктерин колдонуу азайды
2-Ноя. 2018, Жума, 11:04

Акыркы 4 жыл аралыгында Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктерди колдонуу 345 миң декалитрге азайган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылы өлкөдө 1 млн. 981 миң декалитр алкоголдук ичимдик сатылган. Ал эми 2016-жылы сатылган ичимдиктер 2 млн. 138 миң декалитр болгон. 2015-жылы 2 млн. 125 миң декалитр, ошондой эле 2014-жылы 2,4 млн. декалитрди түзгөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР