​2018-жылы өндүрүштүн өсүүсү 3 пайызды түзөт

17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

2018-2019-жылдары өнөр-жай өндүрүшүнүн өсүүсү 3 пайызды түзөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, келерки эки жыл аралыгында өлкөдөгү кендердин жана мунай заводдордун эсебинен өнөр жайдагы өсүш 3 пайызды түзөт. Тактап айтканда Кумтөр, Талды-Булак-Сол жээк, Бозымчак, Иштамберди жана Кара-Казык кендериндеги иштин алга жылуусунун жана Кара-Балта, Токмок шаарларындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордун өндүрүшүнүн жогорулоосуну натыйжасында өндүрүштө өсүш болот.

Эскерте кетсек, улуттук сатаистика комитетинин маалыматына ылайык 2016-жылы өнөр-жайдын жогорулоосу 2015-жылга салыштырмалуу 4,9 пайызга өскөн же 533,7 миң сомго көп болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!