Жаңгак терүүгө уруксат берүү сунушталууда

17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Жогорку Кеңеште жашоочуларга Улуттук коруктардан жаңгак терүүгө уруксат берүү сунушталып жатат.

Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Рада Туманбаева Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында сунуш кылды.

"Корукка жакын жашагандар мыйзам жол бербей тургандыгына карабай жаңгак жана мөмө-жемиштерди сатуу менен оокат кылышат. Жерде калган жаңгактын көпчүлүгү жерде калып чирип кетет. Ошондуктан муну мыйзамдаштыруу керек. Аталган аймактын жашоочулары бул маселени чечип берүүнү суранып жатышат”,- деди Туманбаева.

Талкуунун жыйынтыгында аталган сунуш колдоого алынып, өкмөткө тиешелүү токтомду иштеп чыгууга бир айлык убакыт берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!