Өлкөнүн ИДӨсү 458 млрд. сомду түздү

17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Өткөн жылы Ички дүң өндүрүм (ИДӨ) 458 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков көпчүлүк коалициянын жыйынында билдирди.

“2016-жыл өлкөнүн ИДӨсүнүн реалдуу өсүүсү 103,8 пайызды түзүп, көлөмү 458 млрд сомду түздү. Өткөн жылдын биринчи кварталында өндүрүш продукциясынын өндүрүмдүүлүгү 2,5 пайызга төмөндөгөнүнө карабай, жыл аягында аталган тармактын өсүүсүн 5,2 пайызга жеткизүүгө мүмкүн болду”,-дейт Жээнбеков.

Эскерте кетсек, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн 17-апрелде Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга өкмөттүн 2016-жылдагы аткарган иши тууралуу отчетун сунуштады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!