​Кыргызстан Өзбекстан товар айлантууну 500 млн. долларга жеткирет

​Кыргызстан Өзбекстан товар айлантууну 500 млн. долларга жеткирет
6-Дек. 2018, Бейшемби, 17:49

10 айдын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуунун көлөмү өсүп 325 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын расмий өкүлдөрүнүн Ташкентке жасаган иш сапарынын алкагында белгилүү болгон.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын өткөн 10 айында эки өлкөнүн ортосундагы соода сатык 50 пайызга жогорулаган.

Жолгушуунун жүрүшунө эки тарап экитараптуу товар жеткирүү тууралуу сүйлөшүүлөргө жетишти. Башкача айтканда учурдагы 325 млн. долларлык товар алмашуунун көлөмүн 500 млн. доллраг жеткирүү максаты коюлду.

Кыргызстан аталган коңшу өлкөгө эт, сүт жана сүт азыктарын жер жемиш жана мөмө азыктарын, минерал суусун, картошка курулуш материалдарын, айнек, көмүр жана башка товарларды экспортоону көздөйт.

Ал эми Өзбекстан бизге жеңил жана жүк ташуучу унааларды, автобус күнумдүк электротехникаларын, дары-дармек, эмерек, текстиль товарларын, минералдык жер семирткичтербуудай жана башка товарларды импорттойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!