​Кыргызстан Түркия соода-сатыкты 1 млрд. долларга жеткирүүнү көздөйт

​Кыргызстан Түркия соода-сатыкты 1 млрд. долларга жеткирүүнү көздөйт
6-Дек. 2018, Бейшемби, 18:05

Кыргызстан менен Түркия эки мамлекеттин ортосундагы соода-сатык алмашуусун 1 млрд. долларга жеткирүүнү көздөөдө. Бул тууралуу төрага Дастан Жумабеков Түркия парламентинин спикери Бинали Йылдырым менен болгон жолугушуудан кийин белгилүү болгондугун Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Жолгушуунун жүрушүндө спикерлер эки мамлекеттин ортосундагы соода-сатык, экономика, маданият жана Түркияга кыргыз айыл-чарба продукцияларын сатуу маселелерин талкуулашкан. Ошондой элеТүрк мамлекетинде иштеген мигранттарыбызга жеңилдиктер боюнча сөз болгон. Учурдагы эки өлкөнүн 300 млн. долларлык соода жүгүртүүсүн 1 млрд. долларга жеткирүү жолдору сүйлөшүлгөн.

Эскерте кетсек, бүгүн Түркия парламентинин төрагасы Йылдырым Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!