​Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир-жолу: бир пикир жок

19-Апр. 2017, Шаршемби

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевдин билдиргенине караганда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир-жолун куруу боюнча бир пикирге келе албайт жатышат.

“Учурда темир жолду куруу боюнча топ иштеп жатат, бирок бир пикирге келе элек. Ар бир өлкө өз кызыкчылыгын кармап жатышат. Азыркы тапта эки вариант каралууда. Биринчисинин узундугу 433 чакырымды түзүп, Торугарт-Достук-Ат-Башы-Жалал-Абад, экинчи жол Торугарт-Арпа-Кара-Суу багыттары боюнча 278 чакырымды түзөт”,-дейт Абулгазиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!