Иран-Кыргызстан авиа каттамдары жолго коюлат

19-Апр. 2017, Шаршемби

Иран Кыргызстанда ГЭС курууга жана дары-дармек чыгаруу багытында иш алып барууга даяр. Бул тууралуу Иран мамлекетинин Тышкы иштер министри маалымат жыйынында билдирди.

“Эки өлкө ортосундагы мамилени чыңдоо үчүн дагы 25 жыл күтүүнүн кереги жок. Кыргызстан тарап эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн баардык аракеттерди кылат. Мисалы, ирандык ишкерлердин Кыргызстанда ишкердик кылуусуна жеңилдиктерди түзүү иштерин жасайт. Иран өлкөсү тоо-кен, авиакаттам жана гидро энергетика тармагына инвестиция салууга кызыкдар”,-дейт Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев.

Эскерте кетсек, өткөн жылы эки өлкө ортосундагы товар алмашуу 14 млн. долларды түзгөн, ал эми 2015-жылы бул көрсөткүч 7 млн. доллар болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!