​ЭВФ: унга КНСти калыбына келтирүү керек

19-Апр. 2017, Шаршемби

Эл аралык ваюта фонду өкмөткө Кыргызстанда унга кошумча нарк салыгын (КНС) кайра киргизүүнү сунуштайт. Мындай оюн Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы миссия жетекчиси Эдвард Джемайел билдирген.

Анын айтымында, өткөн жылы Кыргызстан планды салык жыйымдарынан башка баардык көрсөткүчтөр боюнча планды аткарган. 2017-жылы экономиканын өсүшү ушундай эле жакшы болот. Болжолдуу көрсөткүч 3,5 пайыз. Инфляция жылдын аягында 4 пайызды түзүшү мүмкүн. Ал эми бюджеттин тартыштыгы ички дүң өндүрүмдөн 3 пайыз болушу күтүлөт.

Эл аралык экспреттердин сунушу боюнча өкмөт жетекчиси бюджеттин тартыштыгын 3 пайызда кармоо, салык жыйымдарын бекемдөө жана унга кошумча нарк салыгын калыбына келтирүү керек.

“Унга болгон кошумча нарк салыгынан 1 млрд. сомдон ашык каражат түшөт. Унду кошумча нарк салыгынан бошотуу өлкө үчүн пайда алып келбейт, айрымдарга гана пайдалуу. Биз өкмөт менен парламентти бул багытта тыкыр иш алып барып салыктын аталган түрүн калыбына келтирүүгө чакырабыз”,- дейт Эдвард Джемайел.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!