Жол оңдоого 2 млрд. сом керектелет

20-Апр. 2017, Бейшемби

2017-жылы жолдорду оңдоп-түзөөгө 2 млрд. сомго жакын каражат бөлүнөт. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында 2017-жылдын 1 кварталында жол тармагын каржылоого 534,9 млн. сом жумшалган же каралган каражаттын 18,4 пайызы керектелген.

“Үстүбүздөгү жылы Транспорт министрлигинин алдындагы жол чарба департаментинин жалпы бюджети кошо эсептегенде 2 млрд. 899,5 млн. сомду түздү. Тактап айтканда өлкөдөгү унаа жолдорун оңдоо үчүн 1 млрд. 999,5 млн. сом каралган. Мындан сырткары “Мамлекеттик капиталдык салым” беренеси боюнча 900 млн. сом каралган”,-дейт Калилов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!