Жолду оңдоого 70 млн. доллар керектелет

20-Апр. 2017, Бейшемби

Бишкек-Кара-Балта трассасынын оңдоо иштерине 70 млн. доллар керектелет. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымат жыйынында билдирди.

“Бишкек-Кара-Балта трассасынын жээгинде жайгашкан 200дөн ашык соода түйүндөрү алынат. Соода түйүндөрүн алууда алардын ээлерине 2 млн. доллар компенсация төлөнүп берилет. Бул соода түйүндөрүнө көз карандысыз баалоо иштери жүргүзүлүп баалары белгилүү болгон”,-дейт Калилов.

Эскерте кетсек, 45 чакырымга созулган Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо ишин кытайлык “China Railway №5” компаниясы жүргүзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!