​Кыргызстан "Forbes" журналынын рейтингинде 108-орунда

​Кыргызстан
22-Дек. 2018, Ишемби, 10:28

"Forbes" журналы ишкерлик кылуудда эң жакшы шарт түзүлгөн өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады. Аталган рейтингде Улуу Британия сап башына жазылды.

Британиянын ички дүң өндүрүмүн өлкө калкынын жан башына бөлгөндө 39 миң 700 доллардан тиет. Ошондой эле экинчи орунда Швеция жазылып ИДПга болгон үлүшү 53 миң 400 доллар, андан кийин Гонконг (46 200). Мындан сырткары башкы топ ондукка Нидерландия, Жаңы Зеландия, Канада, Дания, Сингапур, Австралия жана Швейцария өлкөлөрү орун алган. Ал эми Гвинея-Бисау, Республика Конго жана Борбордук-Африка Республикасы саптын этегинде калган.

161 өлкө катышкан рейтингде Кыргызстан 108-орунга жайгашып ИДӨнүн өсүүсү 4,6 пайыз болгон. Өлкөнүн ИДӨсү өлкө калкынын жан башына бөлгөндө 1 миң 200 доллардан тиет.

Кыргызстан гидроэлектро станцияны кошо алганда экспорттук базаны кеңейтүү үчүн чет өлкөлүк инвестицияны тартууга аракет кылган. Бирок татаал инвестициялык климат жана канадалык фирма менен уланып жаткан юридикалык күрөш потециалдуу инвесторлордуу ойлонууга түртүп жатат.

Кыргызстандын экономикалык жактан өсүүсүнө коррупция, адмнистративдик ачыктыктын жоктугу жана атамекендик өндүрүштүн ар түрдүүлүгү четтен инвестордун көмөгүн жана инвестиция тартуунун татаалдыгы тоскоолдук жаратууда.

Рейтингди түзүүдө менчикти коргоо, технология, жашоо деңгээли, жумушчу күчүнүн квалификациясы, салымдардын корголушу сыяктуу көрсөткүчтөр колдонулган. Бюрократиянын деңгээли боюнча Кыргызстан 34-орун, инвесторду коргоодо 37- орун, технология боюнча 73-орун, соода сатык жана монетардык эркиндик көрсөткүчтөрүндө 101-орунда жайгашкан.

Ал эми персоналдык эркиндикте 110-орун, коррупция 123-орун, инновация 125-орун, жана салык көрсөткүчү боюнча 126-орунда калып төмөнкү көрсөткүчтөрдү берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!