​Сырткы сооданын көлөмү жогорулаган

​Сырткы сооданын көлөмү жогорулаган
24-Дек. 2018, Дүйшөмбү, 15:10

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айынын аралыгында тышкы сооданын көлөмү 5,3 млрд. долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылы сырткы соода-сатыктын жалпы көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 6,7 пайызга жогорулаган.

Анын ичнен импорттун үлүшу 4 млрд. доллардан көбүрөөк болуп 9,8 пайызга өскөндүгу байкалган. Ошол эле учурда экспорт 1,6 пайызга азайып көлөмү 1,3 млрд. долларды камтыган.

Ал эми ЕАЭБке кирген өлкөлөр менен болгон соода алакасынын көлөмү 4 пайызга кыскарып 1,9 млрд. долларлык көрсөткүчтү берген. Анын 1,4 млрд. доллары импорт калганы экспорттун үлушунө туура келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!