​Туризм тармагында 0,4 пайызга өсүү болгон

​Туризм тармагында 0,4 пайызга өсүү болгон
25-Дек. 2018, Шейшемби, 14:38

2018-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен Кыргызстанда туристтик мекемелерден келип түшкөн кирешенин көлөмү 2 млрд. долларды түзүп, 0,4 пайызга өсүү болгон. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылы туристтик мекемелерден келип түшкөн кирешенин көлөмү 15 млрд.197 млн. сомго жетип, өлкөнүн ички дүң өндүрүмүндө туризмдин үлүшү 4,3 пайызды түзгөн. Ал эми 2018 жылы өлкөнүн туристтик жагымдуулугун жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 17 млрд. 486 млн. сомду камтып, ИДӨдөгү көрсөткүчү 4,7 пайызга жеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!