​Кыргызстандын Японияга экспорту 1,4 эсеге өскөн

​Кыргызстандын Японияга экспорту 1,4 эсеге өскөн
28-Дек. 2018, Жума, 17:20

2018-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын Японияга болгон экспорту өткөн жылдын 10 айына салыштырмалуу 1,4 эсеге өскөн. Бул тууралуу экономика министрилиги билдирди.

Маалыматка караганда, экспортко аз көлөмдө бал, килем, авиакеросин жана башкалар жөнөтүлгөн. 10 ай ичинде эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 44 млн. долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 эсеге өскөн.

Ал эми импорт 43,6 млн. долларга жетип, 1,5 эсеге өскөн. Япониядан кыргызстанга унаа, өндүрүш үчүн жабдык жана башкалар алынып келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!