Быйыл ИДӨнүн өсүүсү 3,4 пайызга жетет

Быйыл ИДӨнүн өсүүсү 3,4 пайызга жетет
10-Янв. 2019, Бейшемби, 11:37

Дүйнөлүк банктын божомолуна караганда 2019-жылдын аягында Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн (ИДӨ) өсүүсү 3,4 пайызды түзөт.

2020-жылы болсо ИДӨнүн өсүүсү 3,9 пайыз болсо, ал эми 2021-жылы бул көрсөткүч 4 пайызга жетет.

ЕАЭБ биримдигине кирген мамлекеттердин ичинен Армениянын ИДӨсүнүн өсүү көрсөткүчү 4,3 пайызды камсыздап, биримдиктеги жогорку көрсөтүчтү берет. Ал эми Казакстан 3,5 пайыз, Белоруссия 2,7 пайыз, Ал эми Россияныкы 1,5 пайыз болору күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 11 ай ичинде ИДӨнүн жалпы көлөмү 474,5 млрд. сомду түзүп, 3,1 пайызга өсүү болгон.

Жаңырган жылдын аягында Евразия өнүктүрүү банкынын божомолуна ылайык Кыргызстандын ИДӨсүнүн өсүүсү 3,9 пайызды камтыйт. Ал эми Экономика министрлигинин эсептөөсү боюнча ИДӨнүн жогорулоосу 4 пайызга жетет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!