​Дүйнөдө эң кымбат компаниялар кайсылар?

​Дүйнөдө эң кымбат компаниялар кайсылар?
10-Янв. 2019, Бейшемби, 12:05

Bloomberg басылмасынын билдиргенине ылайык, Интернет соодасынын гиганты Amazon кайрадан кымбат компаниялардын сап башына чыкты.

Анын рыноктук капитализациясы 797 млрд. доллардан жогору. Бул көрсөтүчкө аталган компаниянын акциясынын наркы 3,4 пайызга өскөндүгүнөн улам жетишкен.

Ал эми Microsoft компаниясы 789 млрд. долларлык капитализацисы менен 2-орунда калды. Ошондой эле Alphabet холдинги Google компаниясы менен бирге 3-орунду камсыздаган, анын наркы 745 млрд. долларды түзгөн, андан кийин Apple фирмасы 702 млрд. долларга бааланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!