​“Кепилдик фонду” бюджеттин эсебинен каржыланат

​“Кепилдик фонду” бюджеттин эсебинен каржыланат
11-Янв. 2019, Жума, 11:49

Кыргыз өкмөтү жакынкы эки жылда “Кепилдик фондун” бюджеттин эсебинен капитализациялоо үчүн жылына 100 млн. сом бөлүп туруу милдетин алды. Бул тууралуу өкмөттүн экспортту өнүктүрүү боюнча программасында маалымдалган.

Мындан сырткары 2019-2020-жылдары аталган фондду жылына 100 млн. сомго каржылоо үчүн эл аралык донорлорду тартуу пландалып жатат.

Кепилдик фондун каржылоо экспортко багытталган ишканаларды насыялоо максатын көздөйт

Өкмөттун экспортту жогорулатуу программасын ишке ашыруу 2023-жылга карата экспорттун эки эсе өсүүсүнө өбөлгө болушу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!