​100 миңдик жаңы банкнот чыгарылат

​100 миңдик жаңы банкнот чыгарылат
11-Янв. 2019, Жума, 16:44

Өзбекстанда “Ноорузга” чейин 100 миң сумдук жаңы банкнот чыгарылат. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев 28-декабрда кол койгон. Жаңы банкноттун алгачкы сериясы басылып чыгып, өлкө жетекчилигине тааныштырылган.

Өзбекстанда азыркы тапта колдонуудагы эң чоң банкнот-2017-жылы августа жүгүртүүгө берилген 50 миң сум.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР