​Орточо айлык акы жогорулады

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Өлкөдө орточо айлык акы 9,8 пайызга жогорулады. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.

“Өткөн жылы өлкөдөгү айлык акынын орточо көлөмү 14 миң 492 сомду түздү. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 9,8 пайызга көп”,-дейт Абулгазиев.

Билим берүү тармагында орточо айлык 19 пайызга жогорулаган, тоо-кен тармагында 18 пайыз, энергетика тармагында 14,1 пайыз, суу менен камсыздоо жана катуу калдыктарды иштетүү тамгында 10,4 пайызга өссө, ал эми искусство тармагында айлык 6,5 пайызга көтөрүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!