​Эки текстиль ишканасы ишке кирет

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Жакынкы 3 жылда Кыргызстанда 2 текстиль ишканасы ишке кирет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер министр Мухаммедкалый Абулгазиев Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Сокулуктун Военно-Антоновка айылынын аймагында Технополис куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилген.

"“Технополис” долбоорунун алкагында 2017-2020-жылдар аралыгында пахта аянтын көбөйтүүнү, Токмок шаарында “Текстиль Транс” жана Кара-Балта шаарында “Деңиз-Текстиль” фабрикасын куруу чечимин кабыл алды. ”,-дейт Абулгазиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!