​Жергиликтүү бюджет 1,7 млрд. сомго өскөн

​Жергиликтүү бюджет 1,7 млрд. сомго өскөн
12-Март 2019, Шейшемби, 14:52

2019-жылы жергиликтүү бюджеттер 21,8 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылы жергиликтүү бюджет 21,8 млрд. сомду түзүп, өткөн жылга караганда 1,7 млрд. сомго көп болууда. Анын ичинен жергиликтүү бюджеттердин өзүнүн кирешеси 18,7 млрд. сом болгон. Ал эми республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары 1,1 млрд. сом жана теңдөөчү трансферт катары 2 млрд. сом бөлүнгөн.

Эскерте кетсек, 2018-жылы жергиликтүү бюджеттердин көлөмү 20,1 млрд. сомду түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!