​Алты ишкана өнөр-жай продукциясынын 90 пайызын берет

​Алты ишкана өнөр-жай продукциясынын 90 пайызын берет
14-Март 2019, Бейшемби, 15:54

2018-жылы Кыргызстанда 10дон ашык ишкана ачылып, миңден ашык жаранды иш менен камсыз кылган. Бул тууралуу Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, өнөр жайдын 24 тармагынын алтоосу экономиканы түзүүчү же өнөр-жай продукциясынын 90 пайызын камсыздаган тармак.

Металлургия тармагы 42,6 пайыз, азык-түлүктү кайра иштетүү тармагы 11 пайыз, курулуш материалын чыгаруу 6,6 пайыз, мунай иштетүү 5,3 пайыз, текстиль-тигүү тармагы жана булгары-буткийим тармагы 3,3 пайызды түзөт. Ал эми калган тармактардын үлүшү өтө аз”,-дейт Сагынбаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!