Мамлекеттик 8 гана ишкана киреше алып келет

28-Апр. 2017, Жума

Кыргызстандын бюджетине 8 гана мамлекеттик ишкана двидент алып келген. бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фодунун жетекчиси Болсунбек Казаков билдирди.

Анын айтымына караганда, өткөн жылы 166 ишкананын бул сегизи гана киреше алып келген. Алардын жалпы кирешеси 2 млрд. 84 млн. сом. Андан мамлекет 184 млн. сомдук үлүшүн алган. Ал эми радиожыштыкты эксплуатациялоодон 1,061 млрд. сом түшкөн. Ошондой эле башка беренелер боюнча 81 млн. сом келген.

Киреше алып келген ишканалар;

"Альфа Телеком" жабык акционердик коому 1,3 млрд. сом,

""Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому 362 млн. сом,

"Кыргызалтын" ачык акционердик коому 255 млн. сом,

"Айыл Банк" 100 млн. сом,

"РСК Банк" 43 млн. сом,

"Дастан" 39 млн. сом,

"Кыргызнефтегаз" 61 млн. сом,

"Кыргызтелеком" ачык акционердик коому 62 млн. сом.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!