​Казакстан Кыргызстанга унаа экспорттойт

28-Апр. 2017, Жума

Казакстан Кыргызстан менен Тажикстанга унаа экспорттоону пландап жатат. Бул тууралуу Чыгыш Казакстан областынын акими Даниал Ахметов билдиргендигин “Казинформ” маалымат агентиги кабарлады.

“Мен жеке өзүм Монголия, Кыргызстан жана Тажикстанда болдум. Биздин унаалар аталган өлкөлөргө чыгаруу үчүн өкмөт жетекчилери менен жолуктум. Биз аталган рынокко киребиз. Учурда Кытайга 100дөн ашык унаа жибердик. Афганистанга да чыгарууга кызыкдарбыз”,-деп билдирди Ахметов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!