​Күйүүчү майдын баасы көтөрүлбөйт

​Күйүүчү майдын баасы көтөрүлбөйт
15-Март 2019, Жума, 15:16

Кыргызстанга акыркы эки айда 180,2 миң тонна мунай продуктулары импорттолгон. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Маалыматка караганда, Нефтетрейдерлер республиканын күйүүчү-майлоочу майга болгон муктаждыгын толугу менен жабат. Кыргызстанга 2019-жылы 1-январдан 10-мартка чейин 180,2 миң тонна мунай импорттолгон, анын ичинен бензин 96,6 миң тонна, дизель майы 83,6 миң тонна.

Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баанын көтөрүлүшү күтүлбөйт. Бирок, көптөгөн факторлорду эске алуу менен мындай абалды туруктуу деп айтууга болбойт. Апрель айында абал өзгөрүшү мүмкүн. Баа саясаты түздөн-түз Россиядан көз каранды болот.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2018-жылы күйүүчү жана майлоочу майдын наркы 11 пайызга жогорулаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!