​Россия менен 6 млрд. доллардан ашкан макулдашуулар болот

​Россия менен 6 млрд. доллардан ашкан макулдашуулар болот
28-Март 2019, Бейшемби, 13:12

Кыргызстан менен Россиянын ортосунда 6 млрд. доллардан ашкан макулдашуулар болот. Бул тууралуу Экономика министри Олег Панкратов Россиянын экономика министри Максим Орешкин менен жолугушкандан кийин билдирген.

Анын айтымында, Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында Кыргызстан менен Россиянын компанияларынын ортосунда жалпы суммасы 6 млрд. доллардан ашкан инвестициялык жана экспорттук макулдашуулар болот.

Бул макулдашуу бизнес чөйрөдөгү гана тиешелүү. Ал эми Өкмөт аралык макулдашууларда суммалар белгиленбейт.

Эскерте кетсек, 27-мартта Бишкекте “Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы мейкиндиктери” аталыштагы кыргыз-орус аймак аралык сегизинчи ишкерлик конференциясында тараптардын ортосунда 1 млрд. 558 млн. 300 миң долларлык 11 макулдашууга кол коюлган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!