"КРнын мыкты экспорттоочусу – 2018" Улуттук сынагы старт алды

3-Апр. 2019, Шаршемби, 14:58

Өкмөт жана Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги "Кыргызстандын мыкты экспорттоочусу – 2018" Улуттук сынагына катышууга экспорттоочуларды чакырат. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сынактын максаты – Кыргызстандын аймагынан продукцияларды экспорттоого аракеттешүү, атамекендик экспорттоочуларга колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Сынактын маанилүү милдеттери Кыргызстандын мыкты экспорттоочу компанияларын аныктоо, чет жакта Кыргызстандын тандалган экспорттук компаниялары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу, «Best Exporter of the Kyrgyz Republic» эн белгисин таануу аркылуу атамекендик продукцияларды таанытуу жана жайылтууну камсыздоо болуп саналат.

Жеңүүчү компаниялардын тизмеси төмөнкү үч номициядагы топто аныкталат – жалпы тармактык номинация, республиканын аймактары боюнча номинация жана кошумча мотивациялоочу номинация.

Катышууга өлкөдөгү катталган бардык экспорттоочулар чакырылат.

Белгилей кетсек, сынакка катышуу үчүн документтер топтому жана кошумча маалымат www.export.gov.kg сайтында жайгашкан.

Документтер топтому 15-апрелде саат 18:00 чейин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин bestexporter@export.gov.kg электрондук дарегине жиберилиши керек.

Сынак өткөрүү жана документтерди даярдоого байланыштуу суроолорду Агенттикке +996 312 620363 телефону боюнча чалып тактоого болот.

Сынак Кыргызстандагы АКШ Эл аралык өнүктүрүү (USAID) агенттигинин техникалык колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Токтобек Асаналиевден жаңы клип “Таарынтпайм сени” (видео)
Токтобек Асаналиевден жаңы клип “Таарынтпайм сени” (видео)
Эмил Эсеналиев тартылган клипти аз убакытта 70 миңдей көрүүчү көрдү (видео)
Эмил Эсеналиев тартылган клипти аз убакытта 70 миңдей көрүүчү көрдү (видео)
Жээнбеков Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгарууну колдойт
Жээнбеков Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгарууну колдойт
“Кыз бурак” тобу 40 жылдык мааракесин белгилейт
“Кыз бурак” тобу 40 жылдык мааракесин белгилейт
Гүлжайна Атаканова: Толкунданып жатам, колдооңуздарга ырахмат!
Гүлжайна Атаканова: Толкунданып жатам, колдооңуздарга ырахмат!
Окумуштуулар ашыкча салмактын негизги себебин аныкташты
Окумуштуулар ашыкча салмактын негизги себебин аныкташты
Сагындыңбы чырагым? «Напарниктер 2» тасмасы чоң экранга чыгат (видео)
Сагындыңбы чырагым? «Напарниктер 2» тасмасы чоң экранга чыгат (видео)
Дүйнөлүк банк: Кыргызстанга Россиядан которулган акча азайышы мүмкүн
Дүйнөлүк банк: Кыргызстанга Россиядан которулган акча азайышы мүмкүн
Финпол: тергөө менен кызматташкан Бегалиев үй камагына чыгарылды
Финпол: тергөө менен кызматташкан Бегалиев үй камагына чыгарылды
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат"
Чоң жылан кишини муунтуп өлтүрүп коё жаздады
Чоң жылан кишини муунтуп өлтүрүп коё жаздады
Беш миң жаран кесиптик билим алса, алардын 74 пайызы жумуш тапты
Беш миң жаран кесиптик билим алса, алардын 74 пайызы жумуш тапты
Президент:
Президент:"Энергетика тармагы ИДПнын 7 пайызын камсыздайт"
19-октябрь: абанын температурасы +21 градус болот
19-октябрь: абанын температурасы +21 градус болот
Самандан да сапаттуу үй салса болот  (фото)
Самандан да сапаттуу үй салса болот (фото)
Октябрдан баштап баардык каалоочуларга жеңилдетилген ипотека берилүүдө
Октябрдан баштап баардык каалоочуларга жеңилдетилген ипотека берилүүдө