Өкмөт Россия менен соода жүгүртүүнү 2 млрд долларга ​жеткирүүнү көздөөдө

Өкмөт Россия менен соода жүгүртүүнү 2 млрд долларга ​жеткирүүнү көздөөдө
5-Апр. 2019, Жума, 11:45

Өкмөт жакынкы аралыкта Россия менен соода жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өкмөттүн кезектеги жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россиянын президенти Владимир Путиндин мурдараак Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыктарына токтолуп, сапардын алкагында 6 млрд 135 млн АКШ доллары көлөмүндөгү 53 документке жана Өкмөт аралык 4 макулдашууга кол коюлганын маалымдаган.

Премьер-министр баса белгилегендей, Россиянын Кыргызстандын негизги стратегиялык жана ишенимдүү экономикалык өнөктөшү бойдон калат.

«2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы тышкы соода жүгүртүүбүз 6,7 млрд доллар түзүп, 6,6%га көбөйгөн. Ал эми Россия менен – 1,6 млрд.га чыгып, өткөн жылга салыштырмалуу 56 млн долларга өскөн. Россиядан келген чет элдик түз инвестициялардын көлөмү 123 млн доллар түзүп, 25% өсүш катталды. Албетте, биздин мамилелерибиздеги эң чоң потенциалдын бар экендигин эске алсак, бул көрсөткүчтөр аздык кылат. Бүгүнкү күнү республикада дээрлик 700гө жакын биргелешкен орус-кыргыз ишканалары иштейт. Биздин милдет жакынкы аралыкта Россия менен соода жүгүртүүбүздү 2 млрд долларга жеткиришибиз керек. Атамекендик товарлардын 80%ы Россияга экспорттолот жана Евразия экономикалык биримдигинин башка өлкөлөрүндө дагы чоң суроо-талапка ээ болуп баратат», – деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы «Газпром» ачык акционердик коому менен кызматташууга токтолду, ал газ транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө 16 млрд рублга инвестиция жасап, республика 30% газдаштырылды.

«Жакында эле биз «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугуштук жана биздин милдет – газдаштыруу деңгээлин 50%га жеткирүү», – деди Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле белгилегендей, россиялык Президенттин сапарынын алкагында мунайзат тармагында кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду.

«Бул тармакка стратегиялык инвестор келүүсү үчүн кызматташуунун жол картасы иштелип чыгат. Биз чечимдерди биздин экономика болгон салымын, ишке ашырыла турган социалдык программаларды, канча жумуш орду түзүлөрүн, канча салык түшөрүн эске алуу менен кабыл алабыз. Эгерде бул биздин кызыкчылыктарга жооп берсе, анда чечим кабыл алынат. Каршы чыккандар экономикада эч нерсени түшүнбөгөндөр же жөн гана мунайзат тармагыбыздын өнүгүүсүн каалабагандар. Биз атамекендик экономиканы өнүктүрүүгө шарт түзгөн жана албетте, биздин мыйзамдарга жооп берген туура саясатты жүргүзөбүз», – деп белгиледи Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле белгилегендей, Россия жана Кыргызстан кен иштетүү чөйрөсүндө активдүү кызматташууда – «Жерүй-Алтын» ишканасында ири долбоор ишке ашырылып жатат. Ага 20 жылда долбоорго салына турган инвестициянын көлөмү 600 млн долларга жетет. Ошондой эле «Росгеология» менен да стратегиялык макулдашууга кол коюлду. Компания Кыргызстандын геология тармагына 20 жылда 1,2 млрд долларга инвестиция салмакчы.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Токтобек Асаналиевден жаңы клип “Таарынтпайм сени” (видео)
Токтобек Асаналиевден жаңы клип “Таарынтпайм сени” (видео)
Эмил Эсеналиев тартылган клипти аз убакытта 70 миңдей көрүүчү көрдү (видео)
Эмил Эсеналиев тартылган клипти аз убакытта 70 миңдей көрүүчү көрдү (видео)
Жээнбеков Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгарууну колдойт
Жээнбеков Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгарууну колдойт
“Кыз бурак” тобу 40 жылдык мааракесин белгилейт
“Кыз бурак” тобу 40 жылдык мааракесин белгилейт
Гүлжайна Атаканова: Толкунданып жатам, колдооңуздарга ырахмат!
Гүлжайна Атаканова: Толкунданып жатам, колдооңуздарга ырахмат!
Окумуштуулар ашыкча салмактын негизги себебин аныкташты
Окумуштуулар ашыкча салмактын негизги себебин аныкташты
Сагындыңбы чырагым? «Напарниктер 2» тасмасы чоң экранга чыгат (видео)
Сагындыңбы чырагым? «Напарниктер 2» тасмасы чоң экранга чыгат (видео)
Дүйнөлүк банк: Кыргызстанга Россиядан которулган акча азайышы мүмкүн
Дүйнөлүк банк: Кыргызстанга Россиядан которулган акча азайышы мүмкүн
Финпол: тергөө менен кызматташкан Бегалиев үй камагына чыгарылды
Финпол: тергөө менен кызматташкан Бегалиев үй камагына чыгарылды
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат"
Чоң жылан кишини муунтуп өлтүрүп коё жаздады
Чоң жылан кишини муунтуп өлтүрүп коё жаздады
Беш миң жаран кесиптик билим алса, алардын 74 пайызы жумуш тапты
Беш миң жаран кесиптик билим алса, алардын 74 пайызы жумуш тапты
Президент:
Президент:"Энергетика тармагы ИДПнын 7 пайызын камсыздайт"
19-октябрь: абанын температурасы +21 градус болот
19-октябрь: абанын температурасы +21 градус болот
Самандан да сапаттуу үй салса болот  (фото)
Самандан да сапаттуу үй салса болот (фото)
Октябрдан баштап баардык каалоочуларга жеңилдетилген ипотека берилүүдө
Октябрдан баштап баардык каалоочуларга жеңилдетилген ипотека берилүүдө