Кыргызстанда салык карызын өндүрүү иштери күчөтүлөт

Кыргызстанда салык карызын өндүрүү иштери күчөтүлөт
9-Апр. 2019, Шейшемби, 10:59

Кыргызстанда «Салык карызын кыскартабыз» аттуу бир айлык акция жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты - салык карызын өндүрүү жана кыскартуу, өнбөгөн карыздарды эсептен чыгаруу боюнча иштерди күчөтүү болуп саналат.

Жарыяланган бир айлыктын чегинде аймактык салык органдары бир катар иштиктүү чараларды көрүү менен салык карызын өндүрүүгө, аны кыскартууга өзүнүн болгон күч-аракеттерин жумшашат.

"Мурда жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыгында аныкталган субъекттерден салык карызын мажбурлап өндүрүү чаралары кабыл алынып, көчмө жана камералдык текшерүү актысы боюнча кошуп эсептелген суммалар боюнча, ошондой эле, укук коргоо органдары тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча салык карызын өндүрүү иштери күчөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, карыздарды мажбурлап өндүрүүгө материалдар сотко өткөрүлүп берилет, салык төлөөчүнүн мүлктөрүнө каттоо жүргүзүлөт, алыш-бериш эсебине салыктык төлөм талаптары коюлат, банктардагы эсептер жабылат, ал эми карыз болгон субъекттердин жетекчилери жана башкы бухгалтерлери административдик айыптарга ж.б. тартылат.

Ошол эле учурда салыкчылар тарабынан жер-жерлерде салыктарды жана эсептелген төлөмдөрдү өз убагында жана толугу менен төлөө зарылдыгы тууралуу салык төлөөчүлөр арасында түшүндүрүү иштери активдештирилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды
Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды
40 миллион адам колу менен кен казат
40 миллион адам колу менен кен казат
Нэна  жолдошу менен эмнеге ажырашканын ачык айтты
Нэна жолдошу менен эмнеге ажырашканын ачык айтты
Өкмөттө 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын өткөрүү талкууланды
Өкмөттө 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын өткөрүү талкууланды
​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары(сүрөттөр)
​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары(сүрөттөр)
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
"Коопсуз шаар" долбоорунун "кооптуу" жактары барбы?
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды