Абдыгулов: “Росинбанк” адистештирилген банк болот

Абдыгулов: “Росинбанк” адистештирилген банк болот
19-Апр. 2019, Жума, 12:24

“Росинбанк” ачык акционердик коому адистештирилген банк болуп, капиталдаштыруу ишке ашырылгандан кийин калктын банк жана финансы кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө алып келет. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов ZAMAN.KG маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банк ушул жылдын 15-апрелинде “Росинбанкты” 3 млрд. сомго капиталдаштыруу чечимин кабыл алган. Капиталдаштыруу ишке ашырылгандан кийин Улуттук банктын үлүшү 95 пайызга чейинки көрсөткүчтү түзөт.

“Бүгүнкү күндө инфраструктура, курулуш, турак-жай, ипотека боюнча институттар жок. Мисалы, “Айыл банк” кредиттердин баарын айыл чарбасына тейлейт. Биз капиталдаштырууну ишке ашырып туруп, “Росинбанкты” адистештирилген банк кылып берип жатабыз”, – деди Абдыгулов.

Азыркы учурда “Росинбанк” аманаттарды кабыл алуу, эсептешүү-кассалык тейлөө, кредиттерди берүү, эмгек акы долбоолорун тейлөө сыяктуу кызматтарды көрсөтүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Борончу Кудайбергенов  МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Борончу Кудайбергенов МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
 ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?