​Жергиликтүү бюджетинин кирешеси 20,2 млрд сомго жетти

​Жергиликтүү бюджетинин кирешеси 20,2 млрд сомго жетти
7-Май 2019, Шейшемби, 10:49

2018-жылы Кыргызстандын жергиликтүү бюджетинин кирешеси 20 млрд. 219 млн. 546,8 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жергиликтүү бюджеттин 9 млрд. 903 млн 271.2 миң сому жөнгө салынуучу киреше. 6 млрд. 207 млн. 871.4 миң сому бекитилген киреше болгон, ошондой эле 1 млрд. 847 млн. 512 миң сому теңдештирилүүчү грант.

Ал эми жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү 20 млрд. 109 млн. 883.8 миң сомду түзгөн. Анын 4 млрд. 608 млн. 237.6 сому мамлекетик кызматтарга жумшалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!