​Бюджеттин кирешеси 10,7 млрд. сомду түздү

​Бюджеттин кирешеси 10,7 млрд. сомду түздү
8-Май 2019, Шаршемби, 10:57

Борбордук казыналыктын алдын ала маалыматына караганда май айында республикалык бюджеттин кирешеси 10 млрд. 728.2 млн. сомду түздү.

Анын ичинен 9 млрд. 640.9 млн. сому салыктан түшкөн киреше. Ошондой эле салыктан тышкаркы кирешелер 1 млрд. 87.3 млн. сомго жеткен.

Ал эми бюджеттин чыгаша бөлүгү 10 млрд. 900.2 млн. сом.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!